Башкы бетке Рубрикасы жок Н.Шакиев Кемин районундагы айрым социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

Н.Шакиев Кемин районундагы айрым социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

0
1343

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Кемин районундагы иш сапары Тегирменти айылында уланды.

Парламенттен билдиришкендей, төрага алгач Белек Солтоноев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып, андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Алсак, аталган мектептин имараты 1963-жылы курулуп, жыл сайын жасалган оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында гана пайдаланып келет. Бирок кышкысын коңшу айылдардан келген окуучулар жолдун алыстыгынан сабакка каттай албай калган учурлар арбын. Буга байланыштуу жергиликтүү эл эскилиги жеткен мектептин жаңы имаратын башка айылдан келген окуучуларга да ылайыктуу жерге куруп берүүнү өтүнүштү.

“Быйыл Чүй облусунда эле жалпы 28 мектеп курулат”, – деди Н.Шакиев.

Мурунку макалаПрезидент: “Бардык мугалимдер ноутбук менен камсыздалышы кажет”
Кийинки макалаБаңгизат сатууга шектелип УКТ мүчөлөрү кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз