Башкы бетке Министрлер кабинети Чаткалда кар көчкү басып калган алты адам изделип жатат

Чаткалда кар көчкү басып калган алты адам изделип жатат

0
618

 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чаткалдагы Ак-Сай тоосунда кар көчкү 6 адамды басып калды деген маалымат келип түшкөн. 

Маалыматка ылайык, 9-октябрда тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча 14 адам кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес. Издөө-куткаруу иштеринин негизинде сегиз адам аман-эсен табылган. Алар 14-октябрда Ак-Сай ашуусунда кар көчкү жүрүп, 6 адам жана 16 баш жылкыны басып калганын айтышкан. Учурда куткаруу иштери жүрүүдө.

 

Мурунку макала2025-жылдын 1-январынан тарта автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга айып пул салынат
Кийинки макалаДин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз