Башкы бетке Рубрикасы жок Президент: «Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу иштөөсүнө мүмкүндүк берет»

Президент: «Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу иштөөсүнө мүмкүндүк берет»

0
38

Камбар-Ата-1-ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берет. Бул туурасында президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте энергетиканын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, кылым долбоору аталган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү фазада турат.

Жайга чейин ГЭСтин дамбалык базасын жана башка инфратүзүмдүк объектилерди куруу иштери башталат.

“Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда Камбар-Ата-1 ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат”, — деди президент.

Мурунку макалаПрезидент Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышты
Кийинки макалаБоксчу Мунарбек Сейитбек уулу III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз