Башкы бетке Экономика “Жашыл энергетика фонду” ГЭС куруу боюнча конкурс өткөрдү

“Жашыл энергетика фонду” ГЭС куруу боюнча конкурс өткөрдү

0
473

Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында “Жашыл энергетика фонду” энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана генерацияны көбөйтүү максатында 8 лот- жер тилкесин ижаралоо укугу боюнча конкурс өткөрдү.

«Жашыл энергитка фондунан» билдиришкендей, конкурска жалпысынан 9 компания катышып, жыйынтыгында 5 лот жер тилкеси боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчүлөр жана долбоорлор:

-Чакан ГЭС (6,31 га) – ЖЧК «Ак-Буура Групп» компаниясы, алыскы Зардалы айылына чакан гидроэлектр станциясын курат;
-Күн электр станциясы (147,7 га, Талас облусу, Талас району) – ЖЧК «Суу энержи» компаниясы, күн электр станциясынын курат;
-Чакан ГЭС (1,64 га, Жалал-Абад облусу, Аксы району) – ЖЧК «Афлатун» компаниясы Афлатун чакан гидроэлектр станциясын курат.
-Чакан ГЭС (1,63 га, Жалал-Абад облусу, Аксы району) – бул участкага дагы ЖЧК «Афлатун» компаниясы ээлик кылып, гидроэлектр станциясы курулат;
-Күн электр станциясы (344,3 га, Чүй облусу, Кемин району, Чым-Коргон а/а) – ЖЧК «ИК Новая энергия Инбао» компаниясы күн электр станциясын куруу укугуна ээ болду.

Белгилей кетсек, конкурстун жыйынтыгы боюнча жашыл энергетика тармагына 25 млн сом инвестиция салынат.

Мурунку макалаБишкекте жылуулук 22-октябрдан тарта бериле баштайт
Кийинки макала2025-жылдын 1-январынан тарта автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга айып пул салынат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз