Башкы бетке Рубрикасы жок Өкмөт башчылар С.Жапаровдун Казакстанга боло турчу иш сапарын талкуулашты

Өкмөт башчылар С.Жапаровдун Казакстанга боло турчу иш сапарын талкуулашты

0
1555

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусу өтүүдө.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Талкуунун негизги темасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга боло турчу расмий сапары болду.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Олжас Бектеновду Казакстандын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, Бишкектеги Жылуулук электр борборундагы штаттан тышкаркы кырдаал болгон учурда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мурунку макалаКазакстандын премьер-министри иш сапары менен келди
Кийинки макалаСалык кызматкерлери консультация берүү боюнча окуудан өтүштү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз