Башкы бетке Президент Жерди жана сууну пайдаланууда 1 384 мыйзам бузуу катталды

Жерди жана сууну пайдаланууда 1 384 мыйзам бузуу катталды

0
155

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын 11 айында 706 текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулардын жалпы саны 1 384 түздү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:

  • жер жаатында 1010 мыйзам бузуулар;
  • суу жаатында 374 мыйзам бузуулар.

Жазма буйруктар толук аткарылбагандыгы үчүн КР Укук бузуулар кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылган айыпкерлердин саны 456 болуп, аларга салынган айып пулдун жалпы суммасы 4 млн. 979 миң сомду түздү. Ал эми аталган суммадан 4 млн. 27 миң 680 сом өндүрүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөнүп берилди.

Ошондой эле коюлган доонун суммасы 9 млн. 583 миң 183 сомду түзүп, анын 4 млн 998 миң 118 сому мамлекеттин бюджетине өндүрүлдү.

Мурунку макалаЖашоо Медиа: “Эгерде адам сууга чөксө эмне кылуу керек?”
Кийинки макалаМээрим ЖАЙЛООБЕКОВА: “Таттуу азыктарды жасаганды интернеттен үйрөндүм”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз