Башкы бетке Коом Салык кызматкерлери консультация берүү боюнча окуудан өтүштү

Салык кызматкерлери консультация берүү боюнча окуудан өтүштү

0
1571

Салык кызматынын 200дөн ашык кызматкери салык кызматтарын көрсөтүү боюнча жана биринчи жолу турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууну каалаган ишкерлердин консультациясы боюнча окуудан өтүштү.

Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, тренингдин программасы бизнести ачуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине негизделип салыктык каттоодон өтүү, салык режимин тандоо, ставкалар жана жеңилдиктер боюнча бардык этаптарды камтыйт.

Учурда турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга шарттар түзүлүүдө. Мындай бала бакчаны мектепке чейинки билим берүүнүн негиздери боюнча окутуудан өткөн, санитардык жана өрт коопсуздугунун ченемдерин сактаган жана жеке ишкер катары катталган жеке жактар ача алат.

Салык кызматы башка актуалдуу темалар боюнча кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну улантууда.

Мурунку макалаӨкмөт башчылар С.Жапаровдун Казакстанга боло турчу иш сапарын талкуулашты
Кийинки макалаАкыркы үч жылда 2059,6 чакырым жол асфальтталган

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз