Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Кыргыз футбол биримдигинин колдонуусуна берилген Кара-Ойдогу 17,72 гектар жер тилкесинин аймагында заманбап спорт комплексинин курулушу башталат.
Аталган комплексте спорттун олимпиадалык түрлөрү: футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, бокс, гимнастика, оор атлетика, теннис жана башкалар үчүн инфраструктура каралат.
Комплексте аталган спорттор боюнча эл аралык даражадагы мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командаларды даярдоого бардык шарттар түзүлөт.


