Башкы бетке Илим Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалына ээ болду

Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалына ээ болду

0
403
68kg WW - Meerim Zhumanazarova (KGZ)

Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалына ээ болду.

Ал 68 кг чейинки салмак категориясынын финалында америкалык Эмит Элорго 0:3 эсебинде жеңилип калды.

Жуманазарова 1/8 бөлүктө монголиялык Делгермаа Энхсайханды 8:3 эсебинде, чейрек финалда япониялык Нонока Одзакини 8:6 эсебинде жеңип алган. Ал эми жарым финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп 3:1 эсеби менен жеңүүчү болгон.

Бул Мээрим Жуманазарованын Олимпиададагы экинчи медалы. Ал буга чейин Токиодо өткөн оюндардын коло медалын уткан. Муну менен балбан кыз кыргыз спортунун тарыхында катары менен Олимпиада оюндарынан байгелүү кайткан алгачкы спортчу болуп калды.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Жоламан Шаршенбековду коло медалы менен куттуктады
Кийинки макалаКара-Ой айылында спорт комплекси курулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз