Башкы бетке Коом Камчыбек Ташиев Матраимовдун моюнуна 200 млн. доллар илингенин айтты

Камчыбек Ташиев Матраимовдун моюнуна 200 млн. доллар илингенин айтты

0
1924

 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев камакта жаткан мурдагы бажычы  Райым Матраимовдун мойнуна 200 млн. доллар же 19-20 млрд. сом илингенин айтты. 

Бул тууралуу ал 16-майда Кара-Суу шаарында сүйлөгөн сөзүндө айтып, Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан Жогорку Кеңештен “тазалоо” иштери бүткөнүн, бирок мындай адамдар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирди.

«Парламенттен Матраимов менен чогуу жүргөн, чогуу бизнес кылгандардын баарын тазалап атабыз. Мамлекеттик органдардан да тазалап жатабыз, бирок дагы эле бар. «Матраимовго бул адамдардын байланышы бар» деп аким, губернатор бизге айтып, катуу иштешиңер керек. Эч ким сактап кала албайт. Матраимовдун мойнуна 200 млн. доллар илинген. Бул деген 19-20 миллиард сом. Силердин стадионго болгону 1 же 2 млн доллар кетет. Коррупцияга берип, коррупционерлерди колдогон үчүн мектеп, жол, стадиондор ушундай абалда. Алсызбыз. Эгерде алар уурдабай мамлекетке иштеп турганда стадион жаркырап турмак«, — деген УКМК башчысы.

Мурунку макалаМен мурдагылардын катасын кайталабайм. Президент алтын темасын улай маек берди
Кийинки макалаСүйүнбек КАСМАМБЕТОВ: “Кыргыз өзүн жоготуп койбосо экен деп чочулайм”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз