Башкы бетке Илим Футбол: Кыргызстан Иранга 3:2 эсебинде утулду

Футбол: Кыргызстан Иранга 3:2 эсебинде утулду

0
549

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Иран футбол беттеши болуп өттү.

2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өткөн беттеште 3:2 эсеби менен Иран Кыргызстандын командасын утту.

Кыргыз курамасынан 2 голду тең чабуулчу Жоэль Кожо киргизди.

Оюнга президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү күйөрмандык кылышты.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстан курамасынын 2024-жылдагы акыркы оюну. Кийинки оюндар ушул эле дүйнө чемпиондугуна тандап алуу алкагында жаз айында өтөт.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Кыргызстан менен Ирандын футбол беттешине барды
Кийинки макалаКыргызстанда банктардагы насыянын пайыздык ченин төмөндөтүү сунушталууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз