Башкы бетке Коом Жаза аткаруу кызматы абактардагы жагдай тууралуу маалымат берди

Жаза аткаруу кызматы абактардагы жагдай тууралуу маалымат берди

0
105

Жазаларды аткаруу кызматы Кыргызстандагы абактарда жапырт ачкачылык жарыяланганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

«Бул фейк, ЖАКтын бардык мекемелери штаттык режимде иш алып барууда», — деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин бир катар ЖМКлар түрмөдөгүлөр Жаза аткаруу кызматына Чыңгыз Кожошевдин жетекчи болгонуна каршы ачкачылык жарыялаганын жазышкан.

Жума күнү СИЗО-1де беткапчан адамдар камактагыларды сабап жатышат деген маалымат тараган. Бирок ЖАК бул маалыматты төгүндөп, мекемеде тыюу салынган буюмдарды текшерүү максатында тинтүү болгонун кабарлаган.

Мурунку макалаКыргызстан менен Түркиянын ИИМ өкүлдөрү кызматташтыкты талкуулады
Кийинки макалаПрезидент Кыргызстандын энергетикасынын 90 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз