Башкы бетке Илим Президент Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын командасына тууну тапшырды

Президент Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын командасына тууну тапшырды

0
787

Садыр Жапаров Олимпиадага катыша турчу Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго тууну тапшырды.



Президент жайкы Олимпиадага жолдомо алган спортчулар менен жолугуп, спортчулардан алтын күтөрүн, аларга ишенерин айткан.

“2021-жылы сиздер менен жолукканда жалпы максатыбыз 2024-жылдагы Париж Олимпиадасында биринчи орундарды камсыз кылуу, алтын медаль жеңүү деп айттым эле. Бул менин эле сөзүм эмес, элдин дагы суроо-талабы, үмүт-тилеги болгон. Мына ошол үмүт-тилектерди актоого мезгил келди деп ойлойм. Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи алтын медалын жеңип, көз карандысыз Кыргызстандын 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек кыласыңар деп бекем ишенем”, — деген Жапаров.

Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу барат. Спорттук иш-чара 24-июлда башталат.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди койду
Кийинки макалаБангладеште кандуу акцияларга алып келген эмгек квоталары жоюлду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз