Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ өкүлдөрү кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Түркиянын ИИМ өкүлдөрү кызматташтыкты талкуулады

0
30

Ички иштер министрлигинин Анкара шаарындагы өкүлү М.Аманбаев Түркиянын Ички иштер министрлигине караштуу Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Салих Гөзүм жана Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана чек ара башкармалыгынын башчысы Фахри Булут менен жолукту.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун алкагында учурдагы эң маанилүү маселелер болгон кибер кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция боюнча талкуулар жүргүзүлүп, тараптар бул багытта маалымат алмашууга жана кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча өз ара кызматташууга даяр экендигин билдирип, ийгиликтерди каалап, мындан ары да тыгыз байланышта болууга тилектештигин баса белгилешти.

Мурунку макалаКыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү өстү
Кийинки макалаЖаза аткаруу кызматы абактардагы жагдай тууралуу маалымат берди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз