Башкы бетке Коом 5000 сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды

5000 сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды

0
1435

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарды.

2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү С. Чокморовдун портрети, арткы бетинде “Ала-Тоо” кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган.

5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Мурунку макалаСадыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары аяктап, кайтып келди
Кийинки макалаБүгүн Бишкектин борборунда суу болбойт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз