Башкы бетке Коом Ысык-Көл аймагында түнкү саат 01:35те күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл аймагында түнкү саат 01:35те күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

0
414

Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 30-октябрда түнкү саат 01:35те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл районунун аймагында, тагыраак айтканда Ананьево айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 57 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын күчү Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл, Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Ал эми, 29-октябрда саат 18:47де Ош облусунун Алай районунун аймагында, тагыраак айтканда Кара-Киндик айылынан түштүккө карай 7 чакырым, Сопу-Коргон айылынан түштүк-батышка карай 42 чакырым аралыкта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү Сары-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Мурунку макалаКыргызстанда логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын I эл аралык көргөзмөcү өтүүдө
Кийинки макалаЖогорку Кеңеш КМШда коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоорун кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз