Башкы бетке Рубрикасы жок Жогорку Кеңеш КМШда коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш КМШда коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоорун кабыл алды

0
425

Жогорку Кеңештин депутаттары «2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» жана «2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоорлору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Биринчи мыйзам долбоору КМШ алкагында мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана алакаларды өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Ал эми экинчи мыйзам долбоору Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.

Мурунку макалаЫсык-Көл аймагында түнкү саат 01:35те күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кийинки макалаКыргызстан менен Россиянын ортосундагы укуктук маселелер талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз