Башкы бетке Дүйнө Ак баш бүркүт Американын символу

Ак баш бүркүт Американын символу

0
46

Мөөнөтү аяктап калган президент Жо Байден ак баш бүркүттү (Haliaeetus leucocephalus) Американын улуттук символу катары тааныган мыйзамга кол койду.

 Чеңгелине жебелерди жана зайтун бутагын мыкчып турган бүркүт чагылдырылган Кошмо Штаттардын герби 1782-жылы кабыл алынса да, куштардын сырттанынын расмий статусу тууралуу мыйзам эки жарым кылымдан соң гана кабыл алынды. Баарынан кызыгы ушул мыйзамды кабыл алуу тууралуу Миннесота штатынын карапайым тургуну Престок Куктун сунушу “Ак баш бүркүт Американын улуттук кушу” – деген бир гана жөнөкөй сүйлөмдөн турат.

Геральдикада зоологиялык мотивдер арбын кездешкен жана байыркы көрүнүш. Бир катар өлкөлөрдүн мамлекеттик символдорунда — мисалы гербдеринде же желектеринде куштардын, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бирок расмий символикада колдонулган куштар, жаныбарлар же өсүмдүктөр көп ошол мамлекеттерде улуттук баалуулук катары атайы укуктук статуска ээ эмес. Ойлоно турган маселе.

 

Мурунку макала«Жаштык» сейил багында муз аянтчасы ачылды
Кийинки макалаОрусияда полиция 570 мигранттын документтерин текшерди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз