Башкы бетке Министрлер кабинети Ала-Букада жаңы салынган мектеп кайра жабылды

Ала-Букада жаңы салынган мектеп кайра жабылды

0
404

Дубалдары жарылып, полу чөгүп кеткен. Ала-Букада жаңы салынган мектеп кайра жабылды.

Падек айылындагы Т.Жоробаев атындагы орто мектептин имаратын салууга 59 млн 320 миң сом сарпталган. Бирок эксплуатацияга берилгенден кийин көйгөйлөр жарала баштаган.

Тагыраагы, пайдубалы кум-шагыл эмес, топурак менен толтурулгандыктан ички бириктирүүчү дубалдары, ашкана жана ички ажатканасынын, ошондой эле мектептин 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 40 сантиметрге чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен дубалдарда жаракалар пайда болуп, мектеп көп өтпөй эле жабылып калган.

Прокуратура 2 берене боюнча иш козгогон. Анын ичинде мектепти салып жатканда жана аны кабыл алганда көзөмөлдүн жоктугу үчүн жергиликтүү бийликке карата да иш ачылды.

Мурунку макалаА.Жунушалиев: “Жарандар менен түз иштешибиз керек!”
Кийинки макалаЖалал-Абадда жаңы базардын курулушу башталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз