Башкы бетке Рубрикасы жок Жалал-Абадда жаңы базардын курулушу башталды

Жалал-Абадда жаңы базардын курулушу башталды

0
317

Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базардын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү.

Жаңы муниципалдык базар мурдагы “Телтору” атмайданынын ордуна курулууда. Анын жалпы аянты 22,5 гектарды түзүп, бул жайда кийим-кече, азык-түлүк, үй-тиричилик буюмдары сатылат.

Мындан сырткары, базардын аймагында заманбап автобекет, кампалар, унаалардын тетиктерин сатуучу жана унааларды оңдоочу, жуучу жайлар каралган. Эң негизгиси унааларды токтотуучу жайлары да абдан кенен болуп, базарга келгендерге ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Базардын курулушун Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясы жүргүзөт. Базардын курулушуна 57 млн. доллар инвестиция тартылууда. Ал эми курулуш иштери эки жыл аралыгында бүткөрүлөт.

Мурунку макалаАла-Букада жаңы салынган мектеп кайра жабылды
Кийинки макалаТоктогул ГЭСине күн электр станциясы курулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз