Башкы бетке Рубрикасы жок Ташкентте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи өттү

Ташкентте Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи өттү

0
976

Бүгүн, 18-июлда, Ташкент шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров “Куксарой” мамлекеттик резиденциясына келди.

Эки өлкө лидерлери атайын подиумга чыгышты. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароол бөлүгүнүн командири рапорт берип, андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев түзүмдү кыдырып өтүштү, кароолдун жоокерлери менен салам алышып, Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желегине таазим кылышты.

Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Андан ары Мамлекеттик резиденциянын фойесинде мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүү аземи болду.

Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев тар курамдагы сүйлөшүүлөргө өтүштү.

Мурунку макалаАйыл чарба тармагындагы лабораториялар жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз болууда
Кийинки макалаКыргызстан менен Өзбекстандын президенттери ЖМКга билдирүү жасашты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз