Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров белгилүү альпинист Эдуард Кубатов менен жолугушту

Садыр Жапаров белгилүү альпинист Эдуард Кубатов менен жолугушту

0
1574

Президент Садыр Жапаров Эвересттин чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнү даңазалаган атамекендик спортчулардын ийгилигин жогору баалаарын жана Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүүнү улантат жана жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров балдарды мектепке даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи
Кийинки макалаКурулушу жүрүп жаткан спорт комплекси бузулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз