Башкы бетке Рубрикасы жок Ардактуу конок Айтматовго барды

Ардактуу конок Айтматовго барды

0
540

Кечээ Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов расмий иш сапарынын алкагында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

Ардактуу конокторду жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тосуп алып, үй-музейи менен тааныштырды. Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы боюнча сүрөттөр, колдонгон буюмдары, алган сыйлыктары жана белектери көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди.

Е.Кошанов Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев коштоп барды.

Мурунку макалаТөраганын эмгеги “Достукка” татыды
Кийинки макалаОрокто олуттуу объектилер курулууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз