Башкы бетке Рубрикасы жок Баткенде селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүүдө

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүүдө

0
1256

Баткен облусунда учурда тийиштүү кызматтар селдин кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ 5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында сел жүргөн.

Табият кырсыгынын кесепетинен Лейлек районунда 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөөгө сел суулары кирип, 5 убактылуу жасалган көпүрөлөрдү агызган. Балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулгуп, 4 бодо мал селге аккан.

Түнү бою жеринде жарандык коргонуу кызматтары иштеди. Бүгүн саат 07:00го карата сел кирген турак үйлөрдүн жер төлөөлөрү толук тазаланды.

 

Мурунку макалаСадыр Жапаров жумушчу сапары менен Ош облусуна барат
Кийинки макалаОшто 300 орундуу оорукана курулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз