Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

0
489

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчинин Ишеним грамоталарын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

“Сиз Кыргызстандын эзелки досусуз, биздин өлкөнү, элибизди жакшы билесиз. Ошондуктан, мен Сизди азыр жаңы кызматта тосуп алганыма абдан кубанычтамын”, – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы кыргыз-орус мамилелери жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык активдешип баштаганын кошумчалаган.

Вакунов президенттин Россия менен кызматташуунун бардык багыттары боюнча позициясы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн кызматташуусун мындан ары тереңдетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого ниеттенип жаткандыгын билдирди.

 

Мурунку макала2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт
Кийинки макалаАзамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз