Башкы бетке Коом Кыргыз армиясы дүйнөдө канчанчы орунда турат?

Кыргыз армиясы дүйнөдө канчанчы орунда турат?

0
25
Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы түзгөн дүйнө өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан аскердик кубаттуулук боюнча 105-орунга чыкты.
Изилдөө 145 өлкөнү камтыйт жана 60тан ашык параметрлерди, анын ичинде куралдуу күчтөрдүн көлөмүн, аскердик бюджетин, техниканын көлөмүн жана материалдык-техникалык камсыздоонун деңгээлин эске алат.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан рейтингде эң жогорку позицияны ээлеп, 57-орунда турат. Өзбекстан 58-орунда, Түркмөнстан 77-орунда, Тажикстан 108-орунда турат.

Дүйнөлүк рейтингдин лидерлери АКШ, Орусия жана Кытай бойдон калууда. Ошондой эле алдыңкы ондукка Индия, Түштүк Корея, Улуу Британия, Франция, Япония, Түркия жана Италия кирди.

Мурунку макалаКулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалат
Кийинки макалаБишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз