Башкы бетке Министрлер кабинети Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалат

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага үчүнчү операция жасалат

0
22

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаевага 17-январда үчүнчү операция жасалат

Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасында билдирди.

“Келбетим акырындап калыбына келе баштады. Мага жардамын аябаган биздин жана Москванын врачтарына ыраазымын”, — деген Ногойбаева.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Аселге былтыр октябрда Москвада пластикалык операциянын биринчи этабы жасалган. Ага бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган эле.

Эске салсак, 2023-жылдын сентябрында Асел Ногойбаева Сокулуктагы үйүндө мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов тарабынан бычакталып, кулак-мурду кесилген. Эстебесов 20 жылга кесилип, Ногойбаевага компенсация катары 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Мурунку макалаСловакиянын Москвага бараткан делегациясына Польша аба мейкиндигин жапты
Кийинки макалаКыргыз армиясы дүйнөдө канчанчы орунда турат?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз