Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин Камкорчулар кеңешинин I жыйынын өткөрдү

Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин Камкорчулар кеңешинин I жыйынын өткөрдү

0
1172

Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Президент Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин Камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынына катышты.

Лицейдин директору Эмил Рыскулов катышуучуларга билим берүү мекемесинин 2023-2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ошондой эле окуу процессин уюштуруу жана келерки жылга пландар тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө лицейдин негизги жетишкендиктери, анын ичинде окуучулардын республикалык жана эл аралык олимпиадалардагы жетишкендиктери, ошондой эле жаңы билим берүү технологияларын жана программаларын киргизүү каралды.

Директор отчеттук мезгилде окуучулар бардык негизги предметтер боюнча жетишкендиктеринин олуттуу жогорулагандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы лицейге таланттуу окуучуларды кабыл алуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Садыр Жапаров «Акылманга» тапшырууну каалагандарга бирдей шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. Окуучуларды тандоонун башкы критерийи жогорку академиялык жетишкендик гана болууга тийиш.

Президент Садыр Жапаров президенттик лицейдин бүтүрүүчүлөрү жогорку интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалга ээ болушу керектигин баса белгиледи.

Мурунку макалаБиздин максат – XXI жана XXII кылымдардын чакырыктарына жооп берген кадрларды даярдоо
Кийинки макалаПрезидент Балдардын республикалык реабилитациялык борборун ачты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз