Маектеш тууралуу маалымат:
Акын, жазуучу жана котормочу Афина Абдылдаева Чүй облусунун Петровка (азыркы Москва) районунун Кызыл-Туу айылында туулган. Кызыл-Туу жети жылдык мектебин, Фрунзедеги финансы-кредит техникумун, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн жана Алма-Атадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.
Эмгек жолун 1962-жылы Жаңы-Жол районунун Кара-Суу мектебинде баштаган. 1978-1980-жж. Талас районунун мектептеринде мугалим, директор болуп иштеген. 1980-1990-жж. Талас облусунун Манас райондук партия комитетинин катчысы, экинчи катчысы, 1990-жылы Билим берүү министринин орун басары, 1991-жылы Кыргызстан КП БКда инспектор болуп иштеген.
А.Абдылдаева чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде жазат. 30 китептин автору. 2000-жылы «Арноо» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. 2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
-Афина эже, адатта акын-жазуучулар чыгармачылыгын мектеп жашынан башташат. А сиз болсо 56 жашыңызда баштаганыңыз кызык экен?
– Бул сурооңдун да чындыгы бар. 1999-жылы жолдошум Юсупов Төлөгөн 64 жашында каза болду. “Күйгөн катын кошокчул” дегендей, ошол жылы ыр жаза баштадым. Биринчи “Арноо” аттуу ыр китебим 2000-жылы чыкты. Ошондон кийин чыгармачылыкка баш-отум менен аралашып кеттим. Азыр эсептеп көрсөм, 24 жылдын аралыгында отуз ыр, публицистика, проза, котормо китептерим жарык көрүптүр.
– Чыгарма деле тегин жерден жарала калбайт. Табият тартуулаган шык, талант болбосо, 24 жыл бою жыл сайын бирден, кээ бир жылдары экиден китеп чыгаруу кыйын эмеспи?
– Табият тартуулаган шык деп жатпайсыңбы, мен 6-класста ыр жаза баштадым. Бир дептер толду. Аңгыча жай келди. Айылыбызда бир байке (атын айтпай эле коёюн) Москвада Адабият институтунда окуйт эле. Кийин таланттуу акындарыбыздын бири болду. Ошол байке айылга каникулга келиптир деп, баары учурашып жатышты. Баягы ыр дептеримди алып, ырларымды сынатайын, жарайт десе “Кыргызстан пионерине” жиберейин деген ой менен мен да бардым. Барсам, чачтары да, басканы да, сүйлөгөнү да, кийген кийими да башкачалардан өзгөчө экен. Ырымды окуп, сын айткандын ордуна, башка дүйнө тууралуу айтып туруп алды. Анын сүйлөгөнү, кыймыл-аракети да мага өөн учурады. Жат сезилди. Менин тарбиям башка эле. Эгер акындар ушул байкедей ойду-тоону сүйлөгөн кишилер болсо, мен акын болбой эле коёюн деп, ыр жазганды токтоттум. 7-классты бүткөндөн кийин Фрунзедеги финансы-кредит (мурдагы аты) техникумуна кирдим. Кийин турмуштук жагдайдан улам университетти сырттан бүттүм.
– Чыгармачылыктын тузу оор, кое бербейт дешет го?
– Анысы да чын. Финансы техникумун бүтүп эле, Аксыда алты айдай иштеп калдым. Элдер сентябрдан баштап иштейт экен, мен январь айынан баштадым. Көрсө, Кара-Суу мектебине Россиядан жиберилген мугалим шартына чыдабай кетип калып, иши жок мага иш табылды. Жашым он жетиде, 8-9-класстагы окуучуларымдын айрымдары он сегиз, он тогузда. Орус тилден сабак берем. Атайын билим, тажрыйбам жок. Бирок, мугалимдик менин табиятымда бар экенин түшүндүм. Мына ошо мугалим болуп жүрүп, 6-класста унуткарып кеткен кайрыктарды, уйкаштыктарды кайра таптым. Сабак өтүп жатып деле, көңүлүмдө көркөм салыштыруулар өзүнөн өзү эле тил учуна келе калат десең. Ошол учурда мага канат бүткөндөй сезилчү.
– Чыгармачылыкка эмнелер түрткү болот, эргүү эмнеден улам келет?
– Эргүү – бул көл толкуну сыяктуу. Дайыма эле отура калып, жаза албайсың. Чыгармачылык адам күндөлүк буюм же тетик чыгарган станок эмес. Айталы, балачакты эстегенде, көп нерселер эске түшөт. Анда мен 4-5 жашта болсом керек, апам мени жонуна көтөрүп алып пахта талаасына алып кетчү. Сыягы 1948-49-жылдарда Чүйдө да пахта эгилчү окшойт. Кечке ысыкта ошол жерде уктап, ойноп күн өтчү. Чечен аялдар жүгөрүдөн жасалган нан апкелишип, апам бир колуна көтөрүп барган бир баштык алмага алмаштырышчу. Анан ошол жерде канча киши болсо, нанды ошончого бөлүп берчү.Тузу жок, ачытылбаган калың загыра нан таттуу болчу.
Кийинчерээк кызылча эгилип баштады. Колхозчулар, алардын ичинде жеңем Анаш да эмгек күнгө бир нече каптан кумшекер алышты. Мен капка колумду салып, ичиндеги тоголоктошконун алып жеп жатканымды көрүп, “чачпай мындан же!” деп, бир табакка толтура салып берди. Мен отуруп алып жей берипмин, бир убакта көңүлүм айнып, жер көчүп, эс-учумду билбей калыпмын. Көңүлүм үч көчкөн журттай калган экен, ошол күндөн ушул жашка келгенче кумшекер жебейм.
Мына ушуга окшогон башыңдан өткөн, көз алдыңан кинотасмадай чубурган учурларды эстегенде, жазбай кое албайсың. Улам эстеп, улам ойлонуп отуруп, же ырга, же кара сөзгө айландырасың. Жөн жерден жомок жаралбайт дегендей, көркөм чыгарма да турмуштан алынып жазылат.
– А мындай окуялар көппү?
– Көп. Биздин Кызыл-Туу айылында үч көчө боло турган. Биз жашаган көчөнүн аты – Восточная. Мектеп – ортодогу көчөдө. Эки көчөнүн ортосунда жалаң кичинекей балдар коюлган эки дөбө бар, аны “Бала мүрзө” дешчү. Байкуш балдар ушунчалык көп чарчагандыктан эки чоң дөбө болуп, ортосунан жол өтчү. Мектепке 1-класста атам жеткизип барчу. 2-класстан баштап коңшу жашаган туугандарыбыздын балдары менен барып калдым. Бир жолу кышында караңгы, таң ата электе Сайра эжеке, Бекбосун байке үчөөбүз баратканбыз. Алар чоңоюп калышкан. Кар калың, баскан сайын кычырайт. Мүрзөнүн ортосуна келгенде бир кылдыраган үн чыкты. Жүрөгүбүз түшүп, мен бакырып ыйлап, беркилер мага кошулуп, артыбызды карабастан качып баратабыз. Баягы калдыраган үн күчөп, артыбыздан калбайт. Мектепке чуркап кирип, светти күйгүзүп, эсибиз ооп, парталарга жатып калдык. Бир оокумда Бекбосун байке туруп басса, дагы эле кылдырттаган үн. Көрсө, анын куур тонунун күлдүрттөгөн үнүн мурда байкабай, мүрзөгө келгенде “коркконго кош көрүнөт” болуп угулган тура.
Бир жылы кызамык каптап, балдар тегиз ооруп жатып калдык. Баарыбызды Петровкага ооруканага алып барып жаткырып, дарылап жатышты. Балдардын көптүгүнөн бир керебетке экиден жатабыз. Башыбыз эки жагында, буттарыбыз тебишет. Жакшы болуп кеттик, болбосо эки көчөнүн ортосундагы “Бала мүрзөгө” барып, түбөлүк жай тапмакпыз деп азыр ойлогондо да жүрөгүм шуу дей түшөт. Мындай жүрөк селт эттирген окуялар бир күнү болбосо, бир күнү өзү эле кагазга түшкөндү суранат экен.
Ии баса, ошол жылдарда батыш көчөнү аралап чоң суу агып, сууда эки көчөгө кубаты жеткен чакан электрстанция бар болчу. Аны биздин байкебиз башкарма Айнекенов Оросулбай салдырган экен. Ал эми биздин Восточная көчөбүздө свет жок, чырак жакчубуз. Азыр ал суу таптакыр жок. Айылыбыздагы жети жылдык мектепке бир кезде коңшу айылдардын балдары келип окушчу. Өкүнүчтүүсү, мен окуган мектебим да эскилиги жетип, кулап калган. Орустардын көбү көчүп кетип, азыр айыл эки чакан көчө болуп, төрөлгөн балдар аздыгынан башталгыч класс эле болуп, бала бакчанын имаратында окушат.
Көрдүңүзбү, турмуш кандай өзгөрүп жатат, кечээ барың бүгүн жок. Мына ушуларды эле көркөмдөштүрүп китеп жазса, окурмандарды кайдыгер калтырбай турган, тескерисинче ойлонто турган китеп болооруна ишенем.
– Аксыдан кийин эле Таласта иштепсиз анан?..
– Ооба. Таластык жигитке турмушка чыккандыктан, Калбага келип, мектепке биринчи жылы башталгыч класстарга орус тил мугалими болуп иштеп калдым. Кийин-ки жылы орус тил сабактары мага берилди. Университетти 1969-жылы сырттан бүттүм. 1970-жылы мектеп директору, насаатчым Карабаев Абылай агай пенсияга кетип, райОНОго өзү барып, айтып, буйрук жаздырып, ордуна мени директор койдуруп келип, чогулушта жарыялады. Мен үчүн таптакыр ойдо жок, күтүлбөгөн иш эле.
– Аябай чоң ишеним кылган экен…
– Мен ал кишини турмуш жолумдагы экинчи университетим деп билем. Ал киши мага эле эмес, башкаларга да чыныгы мугалим болуунун сырларына, чыныгы адам болууга да үйрөттү. Ошол кишинин кеп-кеңешинен кийин мугалимдик кесипти ого бетер сүйүп калдым. Мугалим – коомдун эң алдыңкы адамы. Ал идеясы оргуштап, ашып ташыган, демилгечил инсан болууга, адамда кандай мыкты касиеттер, сапаттар болсо, аны алып жүрүүгө тийиш. Мен жөнөкөй мугалим, мектеп директору болгон жылдары идеячыл, демилгечил болууга аракеттендим. Кийин Манас райком партиясында секретарь, анан экинчи секретарь болуп турганда, Эл агартуу министрлигинде министрдин орун басары болгондо, Ак үйдө, Кыргызстан КП Борбордук Комитетте иштегенде да, кайрадан мугалимдик кесипке өтүп, университетте, Политехникалык колледжде сабак бергенде ошол сапаттар мага жардам берди.
– Ошол идеясы оргуштап ашып-ташкан, демилгечил касиеттер болгон үчүн 24 жылда 30 китеп жазып жатасыз да.
– Мүмкүн. Каныма сиңип калганбы, өзүмө өзүм түйшүк издегенди жакшы көрөм. Партиялык кызматта иштегендин таасири болсо керек, тынч алып отура албайм. Үстөлгө отуруп, ойлуу жазып отурсам, өзүмдү бактылуу жашап жаткандай сезем.
– Чыгармачылык өнөрканаңыз тууралуу бөлүшсөңүз?
– Көчөдө баратып деле болочок жазыла турган чыгарманын үстүндө ойлонуп, аны бышыра берем. Канчалык көбүрөөк ойлонуп, канчалык көбүрөөк ийленсе, анын жазылышы ошончолук жеңил болот. Кээде жазуу үстөлүнө отурганда да күтүүсүз ойлор келип калат. Аны деле чиймелеп жатып, жүз жолу сыдыргыдан өткөрөсүң.
– Ата-эненин он баласы болсо, ошонун арасынан бирөөсүн өзгөчө жакшы көрүшүп эркелетет эмеспи. Сизге кайсы чыгармаңыз жакын?
– Мага жазган чыгармаларымдын баары бирдей. Биринин жазылышы оор болду, бириники жеңил болду. Алгачкы жылдарда бир топ чайналдым. Анан шыр кеттим дегендей. Бирок, айрым чыгармалар оор жазылат экен. Кээде кол шилтеп, жазбай туруп кеткен учурлар да болот. Бирок, күндөрдүн биринде баягы жазылбай калып кеткен чыгармаңды уланткың келип, чыгарма бышып жетилгенин сезесиң. Анан жазуу үстөлүнө отурганда желаргы шамалдай болуп ойлор өзүнөн өзү келип, сүйлөмдөр куюлушуп, бүтпөгөн чыгармаң кантип бүтүп калганын өзүң да сезбей каласың.
– Азыр кайсы чыгарманын үстүндө иштеп жатасыз?
– Мен бир учурда бир нече чыгарманын үстүндө иштей берем. Быйыл “Кут” аттуу ырлар жыйнагым чыкты. Баштап койгон аңгемелер бар. Котормо иши да өз алынча.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”


