Башкы бетке Рубрикасы жок УКМКнын маалымат жыйынында Матраимовдун бошотулганы боюнча толук маалымат берилет

УКМКнын маалымат жыйынында Матраимовдун бошотулганы боюнча толук маалымат берилет

0
334

Бүгүн Жогорку Кеңеште эки күн мурун Раим Матраимов үй камагына чыккандыгы тууралуу сөз козголду. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакын арада УКМКнын маалымат жыйыны болорун, анда бул окуя боюнча дагы толук маалымат берилерин айтты.  

Депутат Балбак Түлөбаев УКМК башчысынан эмнеге Р.Матраимов бошотулганын сурады.

Ташиев Матраимовго 3 берене боюнча айып тагылганын белгиледи.

«Биринчи берене — чек арадан мыйзамсыз өтүү, экинчиси — бейбаштык жана үчүнчүсү — кылмыштуу кирешелерди адалдоо. Тергөө 8 айга созулду. Ал мамлекетке 200 млн. доллар төгүп, эркиндикке чыкты. Бул 2 млн. же 20 млн. доллар эмес, бул абдан чоң акча, сомго айдандырганда 17 млрд. сом. Буга чейин дээрлик 2 млрд. сом төлөгөн, жалпы 19,5 млрд. сом төктү. Мындан тышкары, бир катар мүлктөрү мамлекетке алынды. Мүлктөрү арзандатылган баада алынды. Эки мисал келтирейин – Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй, ал жерге күч кызматкерлери үчүн оорукана курабыз, ал эми Ош шаарында «Ихлас» компаниясы чоң борбор куруп жаткан, анда дагы имараттары, батирлери, бизнес-борборлору болгон. Ал жерде чарчы метри 1700-1800 доллар турат, биз алардын чарчы метрин 1200 долларга бааладык. Мүлктү алган болсок, бул жогорулатылган баада алдык дегенди билдирбейт. Жакында сот болот, бул санкциялардын шарттары бар, 5 жылга чейин аны абакта кармоонун кереги жок», — деди ал.

 

Мурунку макалаӨлкөдө социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашууда
Кийинки макалаФутбол: Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз