Башкы бетке Илим Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын жетекчиси болду

Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын жетекчиси болду

0
672

Эркин Тентишев Күрөш федерациясынын жетекчиси болду. Буга чейин федерацияны Мелис Турганбаев жетектеп келген. Ал сентябрдын башында ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кеткенин билдирген.

Тентишев 62 жашта, үч жогорку билимдин ээси. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айыл чарба институтун, Кыргызстандын Эл аралык университетин жана Дипломатиялык академияны аяктаган.

Көп жылдар бою асыл тукум заводу жетектеген. Э. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү. 2021-жылы Чүй облусунун башчысы, кийин коомдук башталышта президенттин кеңешчиси болгон.

Мурунку макалаМыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды
Кийинки макалаСадыр Жапаров предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орундарды ээлеген жаштар менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз