Башкы бетке Министрлер кабинети Мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды

0
631

Кемин районунда баасы дээрлик 120 млн. сомду түзгөн мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Чүй облусунун Кемин районунун аймагында базар баасы 119 млн 937 миң сомду түзгөн, мурда мал союу жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштары бар аймак мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.

 

Мурунку макалаБишкек менен Минск кызматташуу жөнүндө Жол картасына кол коюшту
Кийинки макалаЭркин Тентишев Күрөш федерациясынын жетекчиси болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз