Башкы бетке Рубрикасы жок Бишкек менен Минск кызматташуу жөнүндө Жол картасына кол коюшту

Бишкек менен Минск кызматташуу жөнүндө Жол картасына кол коюшту

0
521

Беларустун Минск шаарында 2024-2026-жылдарга Бишкек менен Минск шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыгы жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюлду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, документке Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасы Владимир Кухарев кол койду.

Жол картасында Кыргызстан менен Беларустун борбор калааларынын ортосундагы кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары көрсөтүлгөн.

Документ Бишкек менен Минсктин индустриалдык, өнөр жай, маданий потенциалын ачууга мүмкүнчүлүк ачат.

Ошондой эле тараптар бизнес-делегацияларынын сапарларын уюштуруу тууралуу да макулдашууга жетишти.

Мурунку макала«Ата-Журт» партиясы шайлоого катышпайт
Кийинки макалаМыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз