Башкы бетке Рубрикасы жок Өлкөдө социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

Өлкөдө социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашууда

0
337

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык контракт долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди.

“Үч жылда Социалдык контракт долбоорунун алкагында дээрлик 31 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилди. Ага 3,1 млрд. сом бөлүндү. Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2021-жылы – 111 миңди түзсө, 2024-жылдын 1-октябрына карата – 76,4 миң үй-бүлөнү түзүп, 34,6 миң үй-бүлөгө төмөндөдү»,- деди ал.

МинКаб төрагасы мамлекет тарабынан бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон майыптыгы бар адамдар жеке ассистенттин кызматы менен камсыз болгонун, ал ассистенттердин эмгек акысы дээрлик 23%га жогорулаганын билдирди.

“Президент “Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет” деп бул багытта саясатты жаңы нукка буруп жатат. 2024-жылдын 1-июнунан тартып ар бир томолой жетим балдар үчүн 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди”, – деди Акылбек Жапаров.

Мурунку макалаТолук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд. 77 млн. доллардан ашты
Кийинки макалаУКМКнын маалымат жыйынында Матраимовдун бошотулганы боюнча толук маалымат берилет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз