Башкы бетке Илим Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешет

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешет

0
560

14-ноябрь күнү Абу-Дабиде Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, 19-ноябрда Акшумкарлар өз оюн талаасында Иран курамасы менен ойнойт.

Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында, курамабыз буга чейин алты күн бою Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү.

Мурунку макалаУКМКнын маалымат жыйынында Матраимовдун бошотулганы боюнча толук маалымат берилет
Кийинки макалаУКМКнын Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт. Талапкерлерге талаптар

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз