Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров Орок айылындагы бир катар объектилердин курулушу менен таанышты

Акылбек Жапаров Орок айылындагы бир катар объектилердин курулушу менен таанышты

0
447

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарына жакын жайгашкан Орок айылында бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Анда, аквапаркы бар оюн-зоок паркын куруу долбоору менен таанышты. Парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.

Белгилей кетсек, оюн-зоок паркынын жанында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп, жалпы билим берүү мекемеси менен бала бакчанын курулушу да пландалууда.

Мындан тышкары парктын жанына футболдук стадион курулуп жатат. МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров спорттук объекттин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

“Заманбап стадион, жаңы кооз оюн-зоок паркы жана башка инфраструктуралар борбордун көрүнүшүн кооздоп, шаардын жаңы имиджин түзөт”, – деди Акылбек Жапаров.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Мурунку макала16-октябрдан бери дайынсыз ата-баланы издөөгө 9 дрон менен 116 адам тартылды
Кийинки макалаКазакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз