Башкы бетке Коом 16-октябрдан бери дайынсыз ата-баланы издөөгө 9 дрон менен 116 адам тартылды

16-октябрдан бери дайынсыз ата-баланы издөөгө 9 дрон менен 116 адам тартылды

0
450

Бүгүн Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 106 адам жана 9 дрон тартылып, издөө иши 07:00дө башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде ӨКМден 60 кызматкер 6 дрон, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер 3 дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 жаран болуп, жалпы 106 адам, 9 дрон 22 топко бөлүнүп издөө иштерине чыгышты.

Бүгүн издөө иштери Өрнөк айылынан баштап Көкөмерен дарыясын болбой 30 чакырымына чейинки тилкесинде жүрөрү мерчемделген.

Ал эми Токтогул районунда Камбар-Ата 2 ГЭСинен Токтогул суу сактагычына чейинки жана Камбар-Ата-2 жана Камбар-Ата-1 ГЭСтеринин аралыгындагы Нарын дарыясын болой ӨКМден 8 куткаруучу ИИМдин 2 кызматкери менен эки топко бөлүнүп издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Мурунку макалаИспанияда суу ташкынынан каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Кийинки макалаАкылбек Жапаров Орок айылындагы бир катар объектилердин курулушу менен таанышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз