Башкы бетке Саясат Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

0
887

Бүгүн Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.

Эскерте кетсек, расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары, тараптар Парламенттер аралык кызматташтык боюнча кеңештин отурумуна катышат.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Орок айылындагы бир катар объектилердин курулушу менен таанышты
Кийинки макалаКыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз