Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов менен жолугушту

Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов менен жолугушту

0
532

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен “Ынтымак Ордодо” жолугушту.

Мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, айрыкча, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги астында өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып өттү.

Президент Апас Жумагулов сыяктуу көрүнүктүү инсандардын жана мамлекеттик ишмерлердин портреттери мамлекеттик мекемелердин дубалдарында илинип турушу керектигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров 2024-жылы Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий калыптанышына зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын президентинин фондунан Апас Жумагуловдун параддык портретин президенттин администрациясынын “Ынтымак Ордо” имаратынын коридоруна орнотуу үчүн Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармасына каражат бөлүнөрүн белгиледи.

 

Мурунку макалаКыргызстандын бардык аймагында “Коопсуз шаар” тутуму иштеп баштайт
Кийинки макалаКытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 200 млн. юань бөлөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз