Башкы бетке Коом Кыргызстандын бардык аймагында “Коопсуз шаар” тутуму иштеп баштайт

Кыргызстандын бардык аймагында “Коопсуз шаар” тутуму иштеп баштайт

0
507

Жакын арада өлкөнүн бардык аймагында “Коопсуз шаар” тутуму иштеп баштайт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн ведомствонун онлайн кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, кечээ президент “Коопсуз шаар тутумун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

“Жарлыктын негизинде, республиканын бардык аймактарына “Коопсуз шаар” тутумун жайылтып, элибиздин туруктуу коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо милдетин так аткарышыбыз керек. Бүгүндөн баштап Санариптик өнүктүрүү министрлигинен “Коопсуз шаар” тутумун өткөрүп алуу жумуштарын баштайбыз. Тутумду өткөрүп алуу жумуштары аяктагандан кийин аны республиканын бардык аймактарына жайылтуу процессине өтөбүз”, – деди министр.

Ошондой эле Ниязбеков жер-жердеги ички иштер башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн биринчи жетекчилери “Коопсуз шаар” тутумуна кошулууга даяр болуусун эскертип, санарип тармагын өнүктүрүү боюнча тиешелүү аракеттерди көрүүнү жана келип чыккан көйгөйлөрдү жеринде чечүүнү тапшырды.

Мурунку макалаБакыт Төрөбаев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун менен жолугушту
Кийинки макалаСадыр Жапаров мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз