Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхенге барды

Акылбек Жапаров иш сапары менен Мюнхенге барды

0
483

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германиянын Мюнхен шаарына келди.

Сапардын алкагында ал Мюнхен шаарында «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Министрлер кабинетинин башчысынын ошондой эле Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер жана Ландтагтын (парламенттин) президенти Ильзе Айгнер менен жолугушуусу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, бул сапар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча үчүнчү жолугушуу болуп саналат. Буга чейинки жолугушуулар Гамбургда өткөн жылдын ноябрында жана Франкфурт шаарында 2024-жылдын июнь айында болгон.

Мурунку макалаАбдышүкүр АБДИЛАТИПОВ: “7,5 айлык кош бойлуу эненин мээсине операция жасадык”
Кийинки макалаИнвесторлор Бишкекке метро курууга даяр – Айбек Жунушалиев

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз