Башкы бетке Коом Аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрүшү күтүлөт

Аба ырайы кескин өзгөрүп, үшүк жүрүшү күтүлөт

0
586

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-сентябрында Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9°, күндүз +13…+18°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +13…+18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн +8…+13°, күндүз +18…+23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз +9…+14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз +8…+13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7°, күндүз +12…+17°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз +13…+18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз 5…10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз +3…+8° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Мурунку макала“Асман аба жолдору” авиакомпаниясынын биринчи учагы Кыргызстанга конду
Кийинки макалаЖогорку кызмат орундарына талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жаңы жобо бекитилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз