Башкы бетке Министрлер кабинети 48 батирлүү турак жай мамлекетке кайтарылды

48 батирлүү турак жай мамлекетке кайтарылды

0
674

Ноокат районунда 48 батирлүү турак жай мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз жеке тарапка сатылып кеткен.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз түзүлгөн келишимдер жараксыз деп табылды, прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 93 млн. 221 миң сомго бааланган 48 батирлүү үй 0,48 га жер тилкеси менен Ноокат шаарынын муниципалдык балансына алынды.

Мурунку макала15 жашар кыз жол кырсыгынан каза тапты
Кийинки макалаЭми министрликтин кызматкерлери жумасына эки ирет коомдук транспорт менен жүрөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз