Башкы бетке Коом Эми министрликтин кызматкерлери жумасына эки ирет коомдук транспорт менен жүрөт

Эми министрликтин кызматкерлери жумасына эки ирет коомдук транспорт менен жүрөт

0
475

Президенттин администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортто жүрүү демилгесин колдоду. Ага ылайык, министрликтерге жана ведомстволорго шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүү боюнча сунуштама жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Эске салсак, муниципалдык кызматкерлердин жумасына эки ирет жеке унаасын айдабай, коомдук транспортто жүрүү боюнча Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин демилгеси 2024-жылдын май айында көтөрүлгөн. Ошондон бери мэриядагылар коомдук транспортто жүрүшүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чара коомдук транспортко болгон суроо-талапты жогорулатууга, шаар ичиндеги унаа тыгындарын азайтууга, жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдөгү көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет.

Белгиленгендей, ушундай эле демилгени орус депутаттары да көтөрүшүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Плякин сунуштоодо. Анда аткаминерлерди жана депутаттарды жума сайын эки күн жумушка коомдук транспорт менен келүүнү милдеттендирүү керектиги айтылган.

Мурунку макала48 батирлүү турак жай мамлекетке кайтарылды
Кийинки макалаКамчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук комитетинин ардагерлери менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз