Башкы бетке Министрлер кабинети Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

0
567

Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыруун жерден: граната Ф-1–1даана; эски үлгүдөгү болжолдуу «Браунинг 1900» маркасындагы тапанча; МР 371 маркасындагы сигналдык тапанча; төмөнкү калибрдеги патрондор: 7,62 мм – 26 даана, 7,62 х 54 – 2 даана, 5,45 мм – 81 даана, 9.18 – 17 даана; ошондой эле 1 даана Калашников жеңил автоматынын магазини табылды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, алынган курал-жарактар жана ок-дарылар баллистикалык экспертиза жүргүзүү үчүн КР ЮМга караштуу Соттук-эксперттик кызматына жөнөтүлдү.

.

Мурунку макалаКыргызстан жана Казакстандын парламенттеринин төрагалары жолукту
Кийинки макалаБишкекте УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз