Башкы бетке Коом “Кызыл китеп” кайдасың, кыйналдым таппай айласын

“Кызыл китеп” кайдасың, кыйналдым таппай айласын

0
464

Кыргызда “Бөрк ал десе баш алат” деген накыл кеп бар. Бул илгертен жакшы ишти жаманга айлантып, ашынып кеткен адамдарга карата айтылып келген. Муну мисал кылганыбыз, акыркы учурда Бишкектин тегеретесиндеги жаңы конуштардагы жер участокторун, турак үйлөрдү мыйзамдаштырууда Жер ресурстары кызматы, Бишкек башкы архитектурасы, Бишкек шаарынын Жеке турак үй жана шаар куруу департаменти жана “Кадастр” мамлекеттик мекемеси Президент Садыр Жапаровдун турак үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү аракетин теңирден тескери буруп, элди убара кылуу менен элге бийликти жаманатты кылууда. Сөзүбүз кургак болбос үчүн кепти башынан баштайлы.

АЙЫПСЫЗ “АЙЫПТУУЛАР”

Албетте, өлкө башчысы өзү элге убада берип, кийлигише баштагандан бери жүздөгөн жашоочулар Мамлекеттик акт алганы баарыбызга маалым. Алардын азыр өлкө башчысына алкышы чоң. Бирок, жаңы конуштардын көпчүлүгүндө ар кандай себептер менен жер участогуна ээлик кылуучу Мамлекеттик актыны (Кызыл китеп) ала албай жаткандар да арбын. Кызыгы, 2022-жылы жогоруда аталган кызматтардын тиешелүү адистери жаңы конуштарды кыдырышып, Мамлекеттик актысы жок үйлөрдү такташкан. Ошол учурда алар үй ээлери жер участокторун кандайча алышып, эмне документке негиздеп там салышканына деле кызыгышкан эмес. Натыйжада, жер алып жатканда маала башчылары берген райондук администрация башчысынын мөөрү басылган, колу коюлган чечимдер (жер участокторун маала башчылар “ушул чечимдин негизинде Мамлекеттик акт чыгат деп сатышкан) эске алынбай калып, кийин “самовольная застройка” деген мөөрү бар Техникалык паспорттор берилген. Ошентип жер учас-тогун мыйзамдуу эле алышкан жарандар “жер басып алуучуларга” айланган. Техникалык паспорттуу болгонуна сүйүнгөн жарандар эми 20 жылга жакын жашаган жер участогуна ээлик кылуу укугун берүүчү Мамлекеттик актыны ала албай убара. Жер ресурстары кызматы, Бишкек башкы архитектурасы, Бишкек шаарынын Жеке турак үй жана шаар куруу департаменти жана “Кадастр” мамлекеттик мекемеси болсо негедир кайрылган жарандарды футбол тобундай ары-бери тепкилеп, эрмек кылууда. Айрым кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген майып адамдарга бул мекемелердин адистери түрдүү жооп айтып, бийликке, өлкө башчысына болгон нааразычылыкты күчөтүшүүдө. Кыскасы, жерди басып албай эле, маала башчыларынан райондук администрация башчысынын мөөрү басылган, колу коюлган чечиминин негизинде алгандар минтип “айыпсыз” айыптуу болуп отурушат.

АЖОГО БОЛГОН ИШЕНИМДИ АЗАЙТЫП ЖАТЫШАТ

“Медалдын эки жагы бар” дегендей, ошол документ ала албай жүргөндөрдүн арасында өз алдынча жер басып алгандар, курулуш кылууга тыюу салынган жерлерге үй салгандар да жок эмес. Аларды актоого, айыптоого да болбойт. Себеби, айрымдары аргасыздыктан ошол кадамга барышса, айрымдары кошумча жер үлүшүн алып калуу максатын көздөшкөн. Бир жагынан бул ошол учурда кабаттуу үйлөрдү куруп, ипотекага бере албаган бийликтин дагы катачылыгы болгон. Эми аны бир айтабызбы, миң айтабызбы, артка жол жок.

Экинчиден, 2021-жылы ноябрь айында Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын май айына чейин тиешелүү укуктук документи жок бир да үй болбой турганын айтканы бар. Ошондон бери элде эртеби кечпи 10-15 жыл жашаган үйүмө документ алат экемин деген илгери үмүт пайда болгон. Анын үстүнө өлкө башчы дайыма жерлерди мыйзамдаштыруу маселесинде мурдагы президенттердей болбой, элге ачык чыгууга даяр экенин билдирип келет. Өлкө башчыбыздын бул билдирүүсүнө ишенген үчүн азыр эл мурдагыдай пикет, митингдерге чыкпай, баа-ры мыйзам жолунда чечилүүсүн күтүп отурат. Болбосо, так ушул жер маселеси боюнча Муниципалдык аймактык башкаруу органдарына, Бишкек башкы архитектурасына, Жер ресурстары кызматына, Индивидуалдык турак үй жана шаар куруу департаментине жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесине элдин нааразычылыгы күн санап өсүп бара жатат. “Жандооч кийик аттырат” дегендей, Президенттин жанында жүргөн кеңешчилери, тиешелүү мамлекет органдарынын жетекчилери мунун алдын алып кечиктирилгис чараларды көрүшү керек. Тактап айтканда, көп создуктура бербей документ бериле тургандарга документ берип, берилбей тургандарды коопсуз жайларга көчүрүү же кабаттуу үйлөрдөн жеңилдетилген ипотекага үй берүү жагы каралышы керек болчу. Тилекке каршы, мунун ордуна элдин сабырын түгөтүүчү түшүнүксүз аракеттер көп болууда.

ТУРАК ҮЙ ЖОКТУГУНАН ТУРУКСУЗДУК КҮЧ

Айрым жаңы конуштардагы жер участокторун мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлгөндө “Кадастр” мамлекеттик мекемеси алардын көбү канал, таштанды жайларына, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына жакын салынганын бетке кармайт. Ошол эле кезде жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын астындагы, газ түтүктөрүнүн үстүндөгү миңдеген турак үйлөргө, кабаттуу үйлөргө, ишканаларга Техникалык паспорт менен бирге эле Мамлекеттик акт берилген. Кокус жаза тайып андай кооптуу жайларда кырсык болсо кандай болот?! Аларга мындай документтер качан, ким тарабынан берилген?! Тилекке каршы, буга азырынча эч ким жооп бере албайт.

Ал эми Конституциябызда бардык жарандардын укугу, милдети бирдей экени так жазылган. Демек, ар бир кыргыз жаранынын башкалардай эле мамлекеттен тиешелүү жер участогун бөлдүртүп алып, үй салып, бала-чакасын ошол жерден агартып-көгөртүүгө акысы бар.

Үй-бүлө демекчи, Кыргызстанда жумушсуздуктан сырткары, так ушул турак-жай маселеси туура чечилбегендиктен улам  ар жылы жүздөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөргө агылып кетип жатат. Алардын айрымдары, биротоло ошол жакты мекендеп калганын да көрүп жатабыз. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн жакшы кадрларды, жаштарды тартууну көздөсө мамлекет ири алдыда ушул турак жай маселесин чечүүнү колго алганы дурус. Болбосо ансыз да жеңил жашоону жактырган жаштар орто, улуу муундагы адамдардай 10-15 жылдап жер участогунун документин күтүп отурбайт. Кайсыл өлкөдө жакшы-раак шарт болсо, турак жай, жумуш маселеси тез чечилсе ошол жакка кете берет. Андыктан жаштарды жер участогу же турак үй менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын, идеологиянын негизги багыттарынын бири болушу керек.

БАРА БЕРГЕНДЕН ТАЖАГАНДАР ПАРА БЕРИШЕТ

Эми учурдагы документтештирүү бааларына келсек, Техникалык паспорт аларда жарандар жер участогунун аянтына жараша 7-8 миң сомдун тегерегинде төлөм төлөшкөн. Азыр Мамлекеттик акт алыш үчүн шаардыктар мамлекетке 30 миң сомго жакын акча төгүшүүдө. Бул каражаттар эмне үчүн төлөнүп, ал кайда жумшаларын деле түшүндүргөн орган жок. А көп жылдан бери жашаган үйүн мыйзамдаштыра албаган карапайым элге болсо жер участогуна, турак үйүнө ээлик кылуу укугун берген мыйзамдуу документ тийсе болду. Айрым акчадан кысталгандар эптеп жерин, үйүн сатыш үчүн же насыя алыш үчүн мындай документтерге 30 миң сомдон ашык берүүгө деле даяр. Муну билип алган айрым шылуун кызматкерлер катардагы жарандардан ашыкча акча жасап калууга далалат кылышууда. Өкүнүчтүүсү, иш жүзүндө андайлар мыйзамдуу жазаланбай калып жаткандыктан азыр да жер мафиясы тынчыбай, эл арасында алдангандар көп болууда.

Жер участоктору, турак үйлөр өз убагында мыйзамдаштырылбагандыктан учурда балдарга күбөлүк алуу, аларды бала бакчаларга, мектептерге берүү, каттоого туруу маселелеринде башаламандык күч алууда. Эптеп чүргөп алган үйүн мыйзамдаштыруудан чарчаган үч-төрт балалуу жаштар мектеп директорлоруна, бала бакча жетекчилерине, төрөтканалардын, ооруканалардын кызматкерлерине пара берип балдарын бала бакча, мектепке киргизүүгө, дарыланууга аргасыз болуп жатышат. Бул айрым бюрократиялык жегичтерге майдай жагып, мындай системанын андан ары улана беришине шарт түзүшүүдө. Ушундай аракеттерден улам өлкөдөгү санариптештирүү кампаниясы да аксап, кыргызстандыктар алакандай маалымат кагазы үчүн дагы деле бир нече күн убара болуп жатышат. Ошол эле кезде документтештирүүдөгү коррупциядан улам айрым салыктар бюджетти кыйгап өтүп, кимдир бирөөлөрдүн капчыгын толтуруп жатат. Жер участокторунун мамлекеттик актылары колдоруна тийбегендиктен жаңы конуш тургундары жер салыгын төгүп, турак үйлөрүн камсыздандыра албай жатышат. Мунун өзү кайра эле шаардык, мамлекеттик бюджетке тескери таасирин тийгизүүдө.

ТОК ЭТЕРИН АЙТКАНДА…

Азыр жаңы конуштардын көбүндө Мамлекеттик акт алгандар негедир шахматтык түрдө болуп калган. Катар жашаган төрт-беш кошунанын биринде Кызыл китеп болсо, экинчисинде жок. Бир жаңы конуштун 70 пайызы документтүү болсо, дагы бир жаңы конуштун тескерисинче 30 пайызында гана документ бар, дагы биринде 50 пайыз. Мисалы, мен жашаган Калыс-Ордо жаңы конушунун учурда 25-30 пайызынын Кызыл китеби жок. Бирок, алар жыйырма жылдай убакыттан бери ошол жашаган үйүндө катталып, суу, электр энергиясы, таштанды үчүн төлөп келе жатышат. Ошол дарек менен балдарына күбөлүк, пас-порт алышып, эл каттоодо кыргыз жараны катары катталып жүрүшөт. Эки жыл мурун эл Техникалык паспортко документ чогултуп жатканда Салык кызматы  жер ээлеринен мурда төлөнбөгөн жер салыктарын толук төлөтүп алып, элге карызы жок деген тастыктамаларды да берген.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, Кызыл китеп ала албай жаткандардын арасында ар кыл тармактын мыкты адистери, жылыга жүздөгөн окуучуларга билим берип жаткан мугалимдер, дарыгерлер, курулушчулар, мамлекеттик мекемелерде иштеген жаштар, улгайгандар, майыптар, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мыкты кадрлар бар. Жумушу, үй-бүлөсү, турмушу Кудайга шүгүр болгону менен алардын жүрөгүндө ушунча мезгилден бери “Эртең мамлекет үйүмдү түрттүрүп же алып койсо эмне болом?” – деген санаркоо жашайт. Эгер Эгемендүү Кыргызстаныбызда карапайым жашоочулардын мамлекеттик органдарга карата ушундай коркуу сезими болсо, анда биз кечээ кайсыл Эгемендүүлүктү майрамдадык деген суроо туулат. Өз Ата Мекенибизде алакандай жерге ээ боло албасак, анда биз кыргыздар кимбиз?!

СОВЕТ уулу Мелис, “Кыргыз Туусу” 

Мурунку макалаТурдакун УСУБАЛИЕВ: «Тарыхый жаңылыштыкты оңдоо”
Кийинки макалаБермет НУРУБЕКОВА: “Туңгуч кыргыз басма сөзүнүн биринчи редактору Осмонкул Алиев атындагы сыйлык уюштурулса…”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз