Кыргыз Республикасынын жана Кыргызстан Компартиясынын 40 жылдыгын биз кыргыз элинин мамлекети түзүлгөн күндөн баштап санаганда эки жылга кеч майрамдадык, б.а. биздин республиканын мамлекеттүүлүгүн түзүү башталган күн деп Түркстан АССРиндеги элдердин – өзбектердин, түркмөндөрдүн, тажиктердин жана кыргыздардын улуттук мамлекеттери түзүлгөн 1924-жыл эмес, 1926-жыл эсептелчү. Ушул жылды Кыргызстан мамлекет болуп түзүлгөн күндүн башталышы деп эсептеп, анын 15 жылдыгын жана 25 жылдыгын белгилегенбиз.
Бул тарыхый жана юридикалык мүнөздөгү ката болчу. Бул жаңылыштык Кыргызстандын ошол кездеги жетекчилеринин элдердин мамлекеттик түзүлүштөрү жөнүндө маалыматы жоктугунан болсо керек. Орто Азиядагы бардык республикалар өздөрүнүн мамлекеттери түзүлгөн мезгилди 1924-жыл деп эсептешчү жана бул тарыхый да, юридикалык да жагынан туура болгон. Биз алар менен эле бир учурда республика катары бөлүнсөк да, алар өз республикаларынын мааракелерин бизге караганда эки жыл мурда белгилешчү. Өзүбүздүн эле коңшулардай байыркы, көп кылымдык тарыхы жана өз алдынча маданияты бар кыргыз элин бул кандайдыр бир кемсинткендик сыяктуу эле <…>
<…> 1961-жылы мага республиканын партиялык уюмун жетектөөнү тапшырышканда мен бул маселени Москвадагыларга дароо коё алган жокмун. Анткени, 1963-жылы Кыргызстандын Россиянын курамына өз ыктыяры менен кирүүсүнүн 100 жылдыгын белгилегени жатканбыз, ал эми кийинки жылы эле, 1964-жылы 40 жылдыкты белгилөө, эки жыл катары менен маараке өткөрүү баарыдан мурда даярдык көрүү жагынан кыйын болмок. Ошондуктан Кыргызстан КП БКнын бюросунда кеңешип көрүп, республиканын 40 жылдыгын кабыл алынган календарь боюнча эле белгилеп, анан кетип калган жаңылыштыкты кийин, Кыргызстандын 50 жылдыгына карата оңдойлу деп чечтик. Бул бардык жагынан туура эле.
Биз бул маселени кылдат изилдеп чыгууга аракеттенип, биздин оюбузча, аргументтүү кат даярдадык. Катта Орто Азиянын элдери 1974-жылы чоң улуттук майрам өткөрүшөрүн – советтик Орто Азия республикаларынын 50 жылдыгын белгилешерин айттык. Бирок Кыргыз Республикасынын абалы башкача болуп калганын, анткени анын түзүлгөн датасы СССРде жалпы кабыл алынган 1924-жыл деп эмес, б.а. Орто Азия элдери улуттук мамлекеттерге бөлүштүрүлгөн убактан эмес, башкача болуп калганын көрсөттүк. Түшүнүксүз себептер менен Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөн датасы ушул кезге чейин 1926-жыл деп көрсөтүлүп жатат, бул тарыхый жактан да, юридикалык жактан да дал келбей турганын айттык.
Көп улуттуу Түркстан АССРин өзбектер, түркмөндөр, тажиктер жана кыргыздар түзүшкөн. Алардын баары аралаш жашап келишкен жана эч бир жерде чоң улуттук административдик бирдик түзүшкөн эмес. 1924-жылы Орто Азияда болгон улуттук бөлүштүрүүнүн натыйжасында өзбектер, түркмөндөр, тажиктер жана кыргыздар өздөрүнүн улуттук мамлекеттик түзүлүштөрүнө ээ болушкан. 1924-жылдын сентябрында Түркстан АССРинин эң жогорку мамлекеттик бийлик органдары Орто Азиядагы улуттук бөлүштүрүү жана Орто Азия элдеринин улуттук мамлекеттик түзүлүштөрүн түзүү жөнүндө токтом кабыл алышкан. Ошентип, 1924-жылдын сентябры Өзбек ССРинин, Түркмөн ССРинин, Өзбек ССРинин курамында Тажик АССРинин жана РСФСРдин курамында Кыргыз ССРинин түзүлүү процессинин башталышы болуп эсептелет.
Түркстан АССРи Россия Федерациясынын курамдык бөлүгү болгондуктан, Түркстан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин токтому РСФСРдин Бүткүл Россиялык Аткаруу комитетинин 1924-жылдын 14-октябрындагы токтому менен бекитилген. СССР БАКтын токтомунда “эмгекчил элдин өз эркин билдирүүсү эң жогорку мыйзам болуп эсептелет” деп көрсөтүлгөн <…>
<…> 1972-жылы биздин республиканын маараке датасы жөнүндө маселе да ушундай чечилиши керек. Кыргыз элинин Советтердин курамындагы улуттук мамлекеттүүлүгү 1924-жылы Россия Федерациясынын курамында Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөн күндөн башталган. Бул акт Советтик Кыргызстандын улуттук-мамлекеттик өнүгүүсү үчүн юридикалык негиз болгон. Ошондуктан мындан ары бул дата тарыхый жана юридикалык документтерде Кыргыз ССРинин мамлекеттик түзүлүшүнүн башталуу учуру деп каралышын суранабыз. Ошондой эле Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгын 1976-жылы эмес, башка Орто Азия Республикалары менен чогуу 1974-жылы белгилөөгө уруксат берүүнү суранабыз”, – дедик.
Мен Москвада КПСС БКнын Пленумуна барганда ушул кат менен КПСС БКнын Генералдык секретары Л.И.Брежневдин кабыл алуусунда болдум. Л.И.Брежневге Кыргыз ССРинин улуттук-мамлекеттик түзүлгөн датасын тактоо жөнүндө катты бердим. Ал окубай эле: “Маселени кыскача айтып бериңиз”, – деди. Леонид Ильич мени түшүнбөй калдыбы, же жакшы айтып бере алган жокмунбу, айтор биздин маселебизди колдобой: “Жолдош Усубалиев, эквилибристика жасап кереги жок, мурда кандай майрамдасаңар ошондой майрамдай бергиле”, – деп койду.
Мен анын пикирине макул болбогонго батынып: “Леонид Ильич, бул жерде эч кандай эквилибристика жок деп ойлойбуз, бул маселе биздин элибиз үчүн абдан маанилүү. Биз мамлекеттик түзүлүштөрдү өзгөртүп курууда айрым маселелерди билбегендиктен кетип калган тарыхый катаны эле оңдойлу деп атабыз”, – дедим.
Калыстык үчүн айтып коюучу нерсе, Л.И.Брежнев өтө сыпаа киши болчу, эч качан оройлончу эмес. Эгер бирөө өзүнүн пикирин жактап сүйлөсө аргументтерди
угаар эле. Бул жолу да ошондой кылды, анан: “Сусловго кирип кеңешиңиз, мен Михаил Андреевичке ушул маселени караңыз деп айтып коем”, – деди.
Кийинки күнү Сусловдун кабыл алуусунда аз эле болдум. Ал республикалардын, крайлардын жана областтардын жетекчилеринин бири менен да көпкө сүйлөшүп отурчу эмес, жардамчылары дайыма мурдатан эскертип: “Михаил Андреевич сиз менен сүйлөшүүгө баланча мүнөт убакыт бөлөт, ушуну эске алыңыз. Анын элди кабыл алуучу убактысы минутасына чейин бөлүштүрүлгөн”, – дешчү.
Мен катты Михаил Андреевичке берип, мазмунун кыскача айтып бердим. Ал дагы биздин өтүнүчүбүздү анча колдогон жок, бирок эмне жөнүндө сөз болуп атканын жана биз эмнени каалап атканыбызды дароо түшүндү. Сөзүбүздүн аягында: “Эми, абдан суранып жатсаңар, силердин катты СССР Илимдер Академиясынын Мамлекет жана мыйзамдуулук институтуна жиберем. Институт кандай корутунду берсе, маселе ошого жараша чечилет” деди.
Болжол менен жарым жылдан кийин кайра Москвага барып, КПСС БКнын мүчөсү катары КПСС БКнын Секретариатынын чогулушуна катыштым, анда башка маселелер менен кошо биздин Кыргыз ССРинин түзүлгөн датасын белгилөөдө кетип калган катаны оңдоо жөнүндө маселебиз да каралды. Чогулушту М.А.Суслов башкарды.
Биздин маселени кароого жеткенде “Кыргызстан Компартиясынын өтүнүчүн СССР Илимдер академиясынын Мамлекет жана мыйзамдуулук институту колдоду. Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары жолдош Усубалиев чогулушка катышып отурат. “Бул маселе боюнча кандай суроолор же пикирлер бар?” – деп сурады. Эч кандай суроо же пикир болгон жок.
Биздин сунуш БКнын Секретариатында кабыл алынды.
Ошентип, Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгын 1974-жылы, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын эмгекчилери менен чогуу майрамдадык.
Секретариаттын чогулушунан кийин КПСС БКнын жалпы бөлүмүндө мени Мамлекет жана мыйзамдуулук институтунун корутундусу менен тааныштырышты. Ошондо корутундуда айтылган кээ бир ойлор.
Мамлекет жана мыйзамдуулук институтунун директору В.М.Чхиквадзе:
“1924-жылды Кыргыз ССРинде мамлекеттик түзүлүштү куруунун башталыш учуру деп кароо керек <…>
<…> Орто Азиядагы советтик республикалардын 50 жылдык мааракеси – албетте, ошол союздук республикаларда жалпы союздук мүнөздөгү иш-чаралар, салтанаттар жана манифестациялар менен белгиленет. Кыргыз ССРинин мындай салтанаттарга эч нерсе менен акталбаган катышпай калуусу Советтер Союзунун башка элдери сыяктуу эле кыргыздарга түшүнүксүз болуп калат.
Советтик мамлекеттик түзүлүштөрдөгү мааракелик даталарга байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чаралар – ССР Союзунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгынын, советтик улуттук мамлекеттердин жана башка мамлекеттик түзүлүштөрдүн түзүлгөн күндөрүнүн 50 жылдыгынын максаты — СССР элдеринин мындан аркы дагы биримдигин, алардын жаратман күч-аракеттерин бириктирүүнү, ал элдерге карата ар кандай тең эместиктерди жоюуну көздөйт. Ушул позициялардан караганда Кыргыз ССРинин мааракесин дагы 2 жылга артка жылдыруу туура эмес болот.
Биздин чет өлкөлөрдөгү душмандарыбыз мындай көрүнүштү советке каршы пропаганда үчүн пайдаланып, Орто Азиядагы советтик элдердин мамилесинде ишенбөөчүлүк жана шектенүү жаратуу үчүн пайдаланып, кыргыздарды Орто Азиядагы башка элдерге каршы коюшу мүмкүн.
Андан тышкары, бул маараке маселесинде Кыргыз ССРин советтик Орто Азия республикаларынан бөлүп коюу Чыгыштагы чет өлкөлөрдө жаман кабыл алынышы мүмкүн, бул өлкөлөрдүн бардык революциячыл, демократиячыл жана прогрессчил күчтөрү Советтик Орто Азияны дайыма ар түрдүү улуттардын жана элдердин Лениндик улуттук саясатты ишке ашыруунун негизиндеги чыныгы тең укуктуу, дос жана тууган болуп чогуу жашоосунун үлгүсү катары карашат.
Мына ушул жогоруда айтылгандардын негизинде, биздин пикирибиз боюнча, кыргыз эли өзүнүн республикасынын түзүлгөн күнүнүн 50 жылдыгын Орто Азиядагы башка бардык бир тууган элдер менен чогуу 1974-жылы белгилөөсү керек”.
Ынанаарлык айтылган. Советтик Кыргызстандын коңшулаш Орто Азия республикалары менен тең укуктуу бирдей абалы мына ушинтип калыбына келтирилген.
(Т.УСУБАЛИЕВдин “Эпоха. Созидание. Судьбы” китебинен которгон Тилек МУРАТАЛИЕВ, кинорежиссер)


