Башкы бетке Экономика 2024-жылы салык жана төлөмдөрдөн 228,2 млрд. сом чогултулду

2024-жылы салык жана төлөмдөрдөн 228,2 млрд. сом чогултулду

0
53

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 228 млрд 277,1 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту.

Ведомстводон билдиришкендей, белгиленген план 4 млрд 368 млн сомго ашыгы менен аткарылды (аткаруу 102%).

2023-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 43 млрд 260,6 млн сомго өстү же өсүү темпи 123% ды түздү.

Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 74 млрд 82,7 млн сомду түздү же 5 млрд 22,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 9 млрд 695,3 млн сомго көп (өсүү темпи 115%).

Жалпысынан 2024-жылы 302 млрд 359,8 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды.

Мурунку макалаКыргызстан менен Өзбекстандын эки тараптуу мамилелерди талкууланды
Кийинки макалаӨрүк жана малина өстүрүү боюнча мыкты багбандар аныкталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз