Башкы бетке Рубрикасы жок Шакиев: Жаңы гимнди жазууга сынак жарыяланат

Шакиев: Жаңы гимнди жазууга сынак жарыяланат

0
498

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 5-ноябрда парламентте журналисттер менен жолугушууда Кыргызстандын жаңы гимнин жазуу үчүн сынак жарыяланарын айтты.

Ал кийинки жумада Жогорку Кеңеште гимнге байланыштуу атайын отурум өтүп, ачык сынак ачык өтөрүн билдирди.

“Мен эмне үчүн гимнди өзгөртүү тууралуу айттым, көптөр айтабыз деп жүрүп эле айта албайт, мен айттым, сунуш кылдым. Эмки жумада атайын отурум өткөрөбүз, гимн жазууга ачык сынак уюштурабыз. Гимнди ырдаганда ар бир кыргыз эл, өлкө үчүн жаралганын сезиши керек. Гимнди өзгөртөбүз” , — деди төрага Шакиев.

Эске салсак, Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.

Мурунку макалаММКларга билдирүү: Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын тизмектеди
Кийинки макалаСак болуңуз! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болот

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз