Башкы бетке Министрлер кабинети Ноокендеги жол кырсыгынан алты адам каза болду

Ноокендеги жол кырсыгынан алты адам каза болду

0
476

11-августта Жалал-Абад облусунун Ноокен району аркылуу өткөн Бишкек — Ош автожолунун 487-чакырымында болгон автокырсыктан алты адам мүрт кетти.

Маалыматка караганда, SsangYong Korando үлгүсүндөгү автоунааны Бишкектен Ош тарапка айдап бараткан 41 жаштагы айдоочу каршы тилкеге чыгып кетип, Renault Premium машинесин сүзгөн.

SsangYong Korando автоунаасынын айдоочусу жана төрт жүргүнчү кырсык болгон жерден каза тапкан. Бир адам Шамалды-Сай шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө үзүлгөн.

Мурунку макалаСалык кызматы КНС боюнча отчеттун формасын жаңылады
Кийинки макалаНурланбек Шакиев: “Суусамырдагы алтыгананы азайтууда алгылыктуу иштерди алып барыш керек”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз